Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:15

Кыргыз футболчулары Дохада жеңишке жетти


Ушул күндөрү Катарда машыгууда жүргөн Кыргызстандын 21 жашка чейинки футбол курамасы Катардын олимпиадалык курамы менен жолдоштук беттеште жеңишке жетишти. Кыргызстандын Футбол федерациясынан маалымдашкандай, 6-январда Доха шаарында болгон мелдеш 3:1 эсебинде кыргыз футболчуларынын пайдасына аяктаган.

Оюндагы бир голду Мирбек Кудайбердиев киргизсе, эки гол Фархад Мусабековго таандык. Башкы машыктыруучу Мирлан Эшеновдун шакирттери оюндун биринчи бөлүгүндө 2:0 эсебинде алдыга чыгышкан. Беттештин экинчи жарымы башталганда кыргыз футболчулары дагы бир топту атаандаштарынын дарбазасына киргизишип, артыкчылыгын бекемдешкен. Оюндун бүтөрүнө тогуз мүнөт калганда Катардын чабуулчусуна карата Роман Левченко өз айып аянтынан одоно оюн көрсөткөндүктөн, талаа кожоюндары айып тобун тээп, өздөрүнүн эсебине бир голду жаза алышкан.

Эске салсак, Кыргызстандын 21 жашка чейинки футбол курамасы "Шериктештик" кубогунун оюндарына даярдануу үчүн 3-январдан баштап Катарда машыгуусун өткөрүүдө. Европанын жана Азиянын 12 өлкөсү катыша турган "Шериктештик" кубогунун оюндары 16-январда Санкт-Петербург шаарында башталат.(Ech)

XS
SM
MD
LG