Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:18

Орусияда дагы бир генерал өз жанын кыйды


Орус бийликтери билдиргендей, Москвада отставкадагы генерал, 77 жаштагы Анатолий Кудрявцев асынып алды. Өлөөр алдында жазган катында рак кеселинин айынан кыйналганына чыдай албай калганын айткан.

Орусияда ушуну менен жыл ичинде төртүнчү генерал өз жанын өзү кыйды. Июнда генерал Виктор Гудков катуу оорудан депрессия болуп, өз өмүрүнө кол салган.

Март айында рак менен ооруган экс генерал-майор Борис Саплин өз жанын өзү кыйган.

Ал эми отставкадагы адмирал Вячеслав Апанасенко документациядагы катадан улам рак кеселине чалдыккандарга берилчү ооруну басуучу дары ала албай койгондон кийин өзүн аткан эле.

XS
SM
MD
LG