Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:36

Нарында кар көчкүдөн бир адам каза болду


Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынын тургуну Токон Турсунбаев жаңы жыл алдында тоодон түшкөн кар көчкүнүн астында калып каза тапты. Кырсык болгон күнү ал тоого койлорун эмдөө үчүн барган. Бөлүнүп кеткен койлорун айдап келүү максатында тоонун этегине барып кар көчкүнүн астында калып калган. Издеп келген балдары кардан атасынын бир колу жана моюнунан өйдөн чыгып турганын көрүшкөн, бирок сактап кала алышкан эмес. Бул тууралуу Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Азат Капатов “Азаттыкка” билдирди.

ӨКМнин жергиликтүү башкармалыгынан “Азаттыкка” билдиришкендей, мындай кар көчкү жүрчү кооптуу аймак Ак-Муз айылынын ар бир коктусунда бар. Ал эми жол жээгиндеги жана капчыгайлардагы кооптуу аймактар ӨКМдин көзөмөлүндө дейт аталган министрликтин кызматкери Темирбек Касымбеков. (MiK/ZKo)

XS
SM
MD
LG