Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:19

2014-жылы Жалал-Абад облусунда 25 өспүрүм өз жанын кыйган

Бул тууралуу "Азаттыкка" Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, былтыркы жылы облус боюнча 25 өспүрүм өзүнө-өзү кол салган. Суицидге барган балдардын дээрлик бардыгы колунда бар үй-бүлөлөрдөн. Учурда алардын жакындары суралып, себептери аныкталууда.

2013-жылы ушул эле Жалал-Абадда 27 өспүрүм өз жанын кыйган. Расмий маалымат боюнча 2014-жылы Кыргызстанда 540тан ашуун адам өз өмүрүнө кол салган.  (AiA/TSh) 

XS
SM
MD
LG