Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:26

Башкы прокуратура Жапаровдун китебиндеги маалыматтарды иликтейт


Бул тууралуу Башкы прокуратура тараткан билдирүүдө айтылат. Ага ылайык, Садыр Жапаровдун “Саясатка аралашкан 10 жыл” китебинде баяндалган жана андан соң интернетте таратылган маалыматтарга тиешелүү юридикалык баа берилип, тыкыр иликтенет.

Башкы прокуратуранын маалымдашынча, Кылмыш-жаза кодексинин 151-156-беренелерине ылайык, жарандардын арыздарында же башка билдирүүлөрүндө жасалган же жасоого даярдалып жаткан кылмыштар жөнүндөгү маалыматтар текшерүүгө алынышы керек. Ал маалыматтар ырасталган же ырасталбай калган учурда маалыматтарда айыпталган же болбосо кылмыш жасагандыгы тууралуу атайлап жалган маалымат тараткан адамдарга карата кылмыш ишин козгоо тууралуу чечим кабыл алынат.

Садыр Жапаров убада кылып келген “Саясатка аралашкан он жыл” аттуу китебин жарыялады. Анда Жапаров өзү күбө болгон окуяларды баяндаган. Китепти учурда интернет булактардан таап, окууга болот. Анда көптөгөн кыргыз саясатчылардын аты аралашкан чуулгандуу иштер жөнүндө баяндалат.

Көп нерсени ачык жаздым деген автордун китебинде репутациялык жактан алганда азыркы президент Алмазбек Атамбаев жана чет өлкөдө дарыланып жаткан Акматбек Келдибековдун аброюна өтө олуттуу шек жараткан маалыматтар келтирилген.

Бирок китепте айтылган маалыматтарды анда аты аталган адамдар курулай сөз, жалган жалаа деп жокко чыгарышууда.

(TSh)

XS
SM
MD
LG