Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:03

Париждеги кандуу чабуулга шектүүлөр изделүүдө, бир нече киши кармалды


Өткөн түнү Парижде кол салууну айыптаган демонстрация өттү. 7-январь, 2015-жыл.
Өткөн түнү Парижде кол салууну айыптаган демонстрация өттү. 7-январь, 2015-жыл.

Француз премьер-министри Мануэль Вальстын билдиргенине караганда, “Шарли Эбдо” (Charlie Hebdo) сатиралык журналына жасалган кол салуудан кийин өткөн түнү бир нече адам кармалып, сурак берди. Париждеги кечээги кол салуудан 12 кишинин өмүрү кыйылган.

Француз полициясы азыр кол салууну жасады деген шек менен бир туугандар Шериф жана Саид Куашини издеп жатышат.

Премьер-министр Вальстын айтымында, Парижде туулуп-өскөн бир тууган Куашилер чалгын кызматтарына жакшы белгилүү жана кол салууну алар жасагандыгында шек жок.

Куашилердин кичүүсү, 32 жаштагы Шериф 2008-жылы Иракка согушкерлерди жөнөтүү ишине аралашканы үчүн айыпталып, бир жарым жыл түрмөдө отуруп чыккан. Кол салуу үчүн шектелгендердин үчүнчүсү, 18 жаштагы Амид Мурад ысымдуу жигит полицияга өзү багынып бергени кабарланууда.

Франциянын акыркы ондогон жылдардагы тарыхындагы эң кандуу кол салуунун курмандыктары үчүн өлкө бүгүн аза күтүп жатат. (UE)

XS
SM
MD
LG