Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:14

Каптагаев: Жапаровдун мен жөнүндө билдирүүсү далилденсе, саясаттан кетем


Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаев экс-депутат Садыр Жапаровдун “Саясатка аралашкан он жыл” аттуу китебинде өзү тууралуу жазылгандар боюнча кайрылуу таратты. Кайрылууда "Садыр Жапаров мага карата айытылгандарды далилдеп бере ала турган болсо, мен мамлекеттик кызматтан да, саясаттан да биротоло кетип, айылда эле жер айдап, мал багып жан багууга өтөм. Эгерде далилдей албай калса, Жапаровдон жоопкерчилигин өзүм сурап алам, ага даяр болсун" деп жазат Каптагаев.

Жапаров өз китебинде "Эмилбек Каптагаев Ысык-Көлдөгү биосфералык экологиялык аймактын башчысы болуп турган мезгилде коррупциялык иштерге аралашкан" деп айыптаган.

Өткөн аптада Садыр Жапаров убада кылып келген “Саясатка аралашкан он жыл” аттуу китебин жарыялаган. Анда Жапаров өзү күбө болгон окуяларды баяндаган. Анда көптөгөн кыргыз саясатчылардын аты аралашкан чуулгандуу иштер жөнүндө баяндалат.

"Көп нерсени ачык жаздым" деген автордун китебинде репутациялык жактан алганда азыркы президент Алмазбек Атамбаев жана чет өлкөдө дарыланып жаткан Акматбек Келдибековдун аброюна өтө олуттуу шек жараткан маалыматтар келтирилген.

Ал эми бүгүн Башкы прокуратура Жапаровдун китебиндеги маалыматтар иликтөөгө алынарын билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG