9-январда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15 – 20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9;
Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8;
Баткенде түнкүсүн -3…+2, күндүз 3…8;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -3…+2, күндүз 3…8;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6;
Нарында түнкүсүн -19…-24, күндүз -4…-9
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -23…-28, күндүз -10…-15
Бишкек шаарында шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан, кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын төмөнкү температурасы 1…3 градус суук, жогорку температурасы 6…8 градус жылуу болот.