Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:15

Яценюк: Орусия Украинанын чыгышына аскер жөнөтүүнү улантууда


Яценюк немис канцлери Ангела Меркел менен. Берлин, 8-январь, 2015-жыл.
Яценюк немис канцлери Ангела Меркел менен. Берлин, 8-январь, 2015-жыл.

Украин премьери Арсений Яценюк бул тууралуу бүгүн Германиядагы сапары учурунда айтты.

Германиянын борборунан сүйлөп жатып ал ошондой эле Орусия ок атышууну токтотуу боюнча келишимди аткаруусу жана Украинанын чыгышында тынчтык орноткудай кадамдарды жасоосу үчүн Батыш өлкөлөрүн биримдикте иш алып барууга үндөдү.

Украин премьер-министри ырастагандай, Москва азыр Минскте былтыр 5-сентябрда өкмөт менен жикчилдер ортосунда жетишилген келишимдин "бир да жобосун" аткарган жок.

Донбасста Украинанын өкмөттүк күчтөрү менен орусиячыл жикчилдер ортосунда былтыр апрелден берки уруштарда өмүрү кыйылгандар саны 4700дөн ашып калды. Москва Батыш менен расмий Киевдин ал жикчилдерге колдоо көргөзүп жатат деген айыптоосун четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG