Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

Сирияда согушчандар имамдын башын алышты


Өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган уюмдун согушчандары имамды “исламды шылдыңдады” деген айып менен өлүм жазасына тартышты. Баш кеңсеси Британияда жайгашкан укук коргоочулар бул сириялык согушкерлер тарабынан дин ишмеринин алгачкы өлтүрүлүшү болуп жатат деп билдиришти. Маалыматтарга ылайык, имам барымтага алынгандар өлтүрүлүп жатканы тууралуу тасманы көрүп жатып, экстремисттерди каргаган.

Бейшембиде “Ислам мамлекетинин” Ливандагы бөлүмү тунистик эки журналист өлтүрүлгөнүн жарыялады. Интернетке коюлган билдирүүдө журналисттер Софиен Шураби менен Надир Ктар “Алланын мыйзамына ылайык" жазаланганы айтылып, алардын сүрөттөрү коюлган. Маалымат көз карандысыз булактар тарабынан азырынча тастыктала элек.

XS
SM
MD
LG