Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:58

Бишкектик журналисттер Франциядагы окуяга көңүл айтышты


Бишкектеги он чакты массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Кыргызстандагы Франция элчилигинин алдында чогулуп, 7-январда кол салуудан улам набыт болгон “Шарли Эбдо” журналынын журналисттерин эскеришти. Анда чогулгандар Париждеги кесиптештеринин жакындарына кайгысын тең бөлүшүп, болуп өткөн окуяга кыргызстандык журналисттер дагы кайдыгер эместигин билдиришти. Алар Франция элчилигинин өкүлдөрүнө көңүл айтуу катын тапшырышты.

Кечээ француз президенти Франсуа Олландга Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев да көңүл айткан.

7-январдагы “Шарли Эбдо” сатиралык журналынын кеңсесине жасалган чабуул Франциянын акыркы ондогон жылдардагы тарыхындагы эң кандуу окуя катары бааланууда. Өлкөдө кечээтен бери үч күнгө аза күтүү жарыяланган. Ал кол салууда 12 адам каза болгон эле. (TSh/AiA)

XS
SM
MD
LG