Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:27

Февралдан тарта электр энергия арзандайт


Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйынында Энергетика министрлигинин өкүлдөрү жана Отун-энергетика комплексин тескөө боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Нурбек Элебаев билдирди. Бул импорттолчу электр энергияны керектөө азайгандыктан болуп жатат. Маалыматка ылайык, буга чейин 700 кВт сааттан ашкан жөнөкөй керектөөчү 2 сом 5 тыйындан төлөп келсе, кийинки айдан баштап 1,82 сомдон төлөшөт. Ал эми өндүрүшкө жарыкты колдонгондор буга чейин 2 сом 19 тыйын төлөсө, эми 1 сом 97 тыйындан төлөшөт.

Кечээ президент Алмазбек Атамбаев энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев менен отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Нурбек Элебаевди кабыл алган учурда электр энергиясынын баасын арзандатуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү карап көрүүнү тапшырган. (TSh)

XS
SM
MD
LG