Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:55

Кубада дагы бир саясий туткун бошотулду


Куба бийлиги сегиз саясий туткунду боштондукка чыгарды. Бул АКШ менен келишимдин негизинде ишке ашты. Ал келишимге ылайык, расмий Гавана 53 саясий туткунду эркиндикке чыгарышы керек эле.

“Рейтерс” агенттиги жазгандай, акыркы эки күндө келишимде көрсөтүлгөн 11 адам бошотулду. Бошотулгандардын көпчүлүгү Кубанын Патриоттук союзу диссиденттик тобунун мүчөлөрү.

Саясий туткундарды бошотуу АКШ менен Кубанын ортосундагы мамилени оңдоо боюнча келишимдин негизги шарттарынын бири. Бул келишим эки өлкө ортосундагы алаканы кеңейтүү жана 50 жыл мурун үзүлгөн дипломатиялык байланыштарды аз-аздап калыбана келтирүүнү көздөйт. Дипломатиялык байланышты жандантуу маселеси ушул айдын аягында АКШ мамлекетти катчысынын Латын Америка өлкөлөрү боюнча жардамчысы Роберта Жейкобсондун Гаванага сапарында талкууланат деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG