Телефонго намаз окуй турган маалды эскерткич орнотулган. Ал аппараттын ээсине беш маал намаз окуй турган убакытты эскертип, шыңгырап турат. ТАСС агенттиги билдиргендей, телефондо араб жана орус тилдеринде курандын электрондук варианты бар жана ал сүрөөлөрдү окуганга өтө ыңгайлаштырылган.
Телефон исламдын салттуу түстөрү деп эсептелген жашыл, кызыл жана кара түстөрүндө сатыкка чыкты. Сырткы корпусу чыгыш стилиндеги алтын оюлар менен кооздолгон. Аппарат ээсине Меке кайсы тарапта экенин көрсөтүп турат.