Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:55

Электр энергия үчүн тариф ай сайын өзгөрөт


Кыргызстанда келерки айдан тарта электр энергиясынын баасы арзандайт.

Өкмөт баанын төмөндөшүн Казакстандан келген электр кубатынын көлөмү да, аны керектөө да азайганы менен түшүндүрүп жатат. Соңку учурда бир канча жолу өзгөргөн тариф саясатын айрым серепчилер сынга алууда.

Февраль айынан баштап электр энергиясын 700 кВт сааттан ашык колдонгондор 2 сом 5 тыйын эмес, 1 сом 82 тыйындан, ал эми электр кубатын өндүрүшкө пайдалангандар 2 сом 19 тыйын эмес, 1 сом 97 тыйындан төлөй баштайт.

Отун-энергетика комплексин тескөө боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Нурбек Элебаев 9-январда маалымат жыйынында баанын төмөндөшүн Казакстандан импорттолгон электр энергиянын көлөмү да, аны пайдалануу да азайганы менен түшүндүрдү. Электр кубатын 700 кВт саатка чейин пайдалангандардын санынын көбөйүшү, жылуу аба ырайы да кырдаалга таасир этти:

- Азыркы учурда импорттук электр энергиянын көлөмү төмөндөп жатат. План боюнча декабрь айында 233 миллион кВт саат электр энергияны алабыз деп макулдашканбыз. Бирок болгону 118 млн. кВт алдык. Ошондуктан тарифти өзгөртүп, кайра эсептеп чыктык.

Элебаев өкмөт Казакстандан келген электр энергиянын керектелишине карап, тариф саясатын ай сайын өзгөртүп турарын кошумчалады.

Былтыр декабрга чейин керектөөчүлөр 1 кВт саат электр үчүн 70 тыйындан төлөп келген. Жаңы тариф боюнча айына 700 кВт сааттан ашык электр кубатын пайдалангандарга баа дээрлик үч эсеге өскөн болчу.

Энергетика маселелери боюнча эксперт Эрнест Карыбеков соңку учурда бир канча жолу өзгөргөн өкмөттүн тариф саясатын сынга алууда:

- Бул өкмөттүн оюну болуп жатат. Эми "биз сураган электр энергиянын баарын казактар бере албай жатат" деп айтып жатышат. Экинчиден, өздөрү башында эле эң кымбат баа менен сатып алууга макул болуп коюшкан. Үчүнчүдөн, ортомчу компаниялар болсо өкмөттөн мурдагы эле арзан баада сатып алууда. Аларга болсо июлдагы токтом менен берип, эмнеге бааны кымбаттатышкан жок? Элге болсо ноябрдагы токтом менен дароо кымбаттатып салышты. Азыр эсептеп келип, элдин баары нааразы болуп жатат. Өкмөт бир туруп жогорулатып, бир туруп ылдыйлатып, баа менен ойноп жатат. Колдорунда методикасы жок, санактары туура эмес. Биз болсо башында эле өтө кымбат баа менен сатып алганы жатканын айтканбыз.

Алмазбек Атамбаев Казакстанга өткөн жылдын ноябрь айында барган
Алмазбек Атамбаев Казакстанга өткөн жылдын ноябрь айында барган

Президент Алмазбек Атамбаев 8-январда өлкөнүн башкы энергетигине жана тариф саясатына жооптуу аткаминерге электр энергиясынын баасын арзандатуу боюнча тапшырма берген болчу. Президент ушуну менен өкмөттүн тариф саясатына экинчи жолу түздөн-түз кийлигишип жатат.

Былтыр күзүндө өкмөт Токтогул суу сактагычындагы суунун тартыштыгынан улам электр энергиясын керектөөгө чектөө киргизген болчу. Мындан улам үч фазаларды кыркуу башталган. Бирок президент Алмазбек Атамбаев өкмөттүн мындай кадамын сынга алып, Казакстандан кошумча электр энергиясын сатып алууну тапшырган. Расмий Бишкек Астанадан кыштан чыгуу үчүн 1 млрд. кВт саат электр энергиясын сатып алууну макулдашкан.

Нарын шаарында декабрь айында электр баасын арзандатууну талабы менен нааразылык акциялар өткөн. Алмазбек Атамбаев тарифке нааразы болгондорду сынга алган эле:

- 2010-жылдагы 70 тыйын 1,5 центтен ашык болчу. Азыр болсо 1 центтен бир аз гана көбүрөөк. Тарифке нааразы болгондор, ошол эле теңиртоолук туугандарыбыз азыр өздөрү өндүргөн айыл чарба продукциясын, этин, кой-уюн беш жыл мурунку баа менен сатып жаткан жок. Нарынга тариф арзандасын деген талапка мен такыр кошулбайм. Нарын облусу 23 жылдан бери дотацияда отурат. Кыргызстандыктар аларды ансыз деле багып келатат.

Нарында келерки митинг 14-январга белгиленген. Митингди уюштуруучулардын бири, жарандык активист Эркин Асаналиев талаптарынан баш тартпай турганын билдирди:

- Эл митингге чыгабыз дегенде гана тыбырчылап калышат. Алар тарифин карап, антип-минткиче бизде суук болуп жатат. Мына, Бишкек жаздай болуп жылуу болуп калыптыр. Нарында болсо кадимкидей эле суук. Эмне үчүн буга чейин ойлонушкан эмес? Биз ушуга нааразыбыз. Митинг сөзсүз өтөт. Ошондо өздөрү келип түшүндүрүп беришсин.

Өкмөт нарындыктардын талабын компенсация төлөө аркылуу чечүүнү сунуштаган. Ушул тушта мекемелер аралык жумушчу топ алыскы, бийик тоолуу, шарты катаал аймактарга жашагандарга кышында бир маал берилүүчү жеңилдиктерди жогорулатуу жактарын караштырып жатат.

XS
SM
MD
LG