Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:52

“Бажы биримдигине каршы” кыймылы президентке кайрылуу жолдоду


Кайрылууда өткөн жылдын 27-декабрындагы маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаевдин Бажы биримдигине каршы чыккандарды сындаган билдирүүсүнө нааразы экенин жазышкан. Жарандык активисттерден турган кыймыл социалдык тармактарда жүздөгөн мүчөсү бар экенин белгилеп, алар Баш мыйзамда жазылган сөз эркиндиги боюнча пикирлери үчүн кысымга алынышы туура эмес экенин билдиришти.

Кайрылууда Кыргызстан Бажы биримдигине кошулуусу менен Орусиядагы бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн чектеген мыйзамдар өлкөгө таасир этиши мүмкүн деген чочулоо бар экени да белгиленет.

2014-жылдын 27-декабрында президент Алмазбек Атамбаев маалымат жыйынын өткөрүп, "Бажы биримдигине каршылар мындан акча табышууда" деп айткан. (TSh)

XS
SM
MD
LG