Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:56

Коррупция экономикага миллиард сомдон ашык зыян келтирген


2014-жылы паракорчулук экономикага 1 миллиард сомдон ашык зыян келтирген. Бул тууралуу өкмөттүн "Кыргызстандын өкмөтүнүн ишинин жыйынтыгы" деп аталган документте айтылат.

1 261 466 000 сомдун 4 миллионго жакыны гана мамлекетке кайтарылган. Коррупцияга байланыштуу 506 иш соттук териштирүүгө жөнөтүлгөн.

Жалпысынан коррупция боюнча 1268 кылмыш иши козголгон. Аталган документте 2012-2014-жылдар үчүн коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча кабыл алынган план жакшы аткарылып жатканы белгиленген. (TSh)

XS
SM
MD
LG