14-январда Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту Кыргызстандын 2005-2014-жылдардагы эл аралык деңгээлдеги рейтинги жөнүндө маалымат берет. Бул тууралуу аталган институттан кабарлашты.
Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту тарабынан даярдалган баяндамада Кыргызстандын саясий-экономикалык, коомдук, экологиялык жана технологиялык багыттары изилденген. Ушул тармактардын эл аралык деңгээлдеги рейтинги чыгарылат.
Ал тегерек столго өкмөт өкүлдөрү, эксперттер катышып, өз сунуштарын айтышат. Берилген сунуштар 2013-2017-жылдарда ишке ашырылуучу улуттук өнүктүрүү стратегиясында эске алынат. (TSh)