Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:42

Зурдинов: министр Садыковдун буйругун аткаргам


Аширалы Зурдинов
Аширалы Зурдинов

Медицина академиясынын ректору Аширалы Зурдинов баллы жетпеген абитуриенттерди окуу жайга кабыл алууда гранттык комиссиянын чечимине негизделген билим берүү министри Канатбек Садыковдун буйругун аткарганын айтты.

Ректор Зурдинов министрликтин алдындагы гранттык комиссия кандай критерийлер менен ал абитуриенттердин тизмесин түзгөнү ага белгисиз экенин айтты.

Анткен менен Зурдинов республикалык тестирлөөдө баллы жетпегендер кандайча контракттык бөлүмгө кабыл алынып жана андан кандайча бюджетке которулганы боюнча документалдык фактыларга так жооп бере албады. Медициналык академиянын ректору Зурдинов бул маселелер боюнча мурунку билим берүү министри Канатбек Садыковдун буйруктарына шилтеме жасап туруп алды.

Критерийи жок тандоолор

"Азаттык": Республикалык тестирлөөдөн баллы жетпей калган абитуриенттерди Медициналык академияга кабыл алуу боюнча 2011-жылдан 2013-жылга чейинки Билим берүү министрлигинин алдындагы мамлекеттик гранттык комиссиянын чечимдерине таянган мурдагы министрдин сизге багыттаган документтери табылып отурат. Бул иштер кандайча болду эле?

Зурдинов: Министрликтин алдындагы мамлекеттик гранттык комиссия жөн-жай эле түзүлбөсө керек. Жумурай журтубуздун оор шартта жашаган ата-энелерден жана депутаттык корпустан болгон кайрылуулардын негизинде чечүүгө оор болгон талаштуу суроолорду чечүү үчүн мына ошол гранттык комиссия түзүлсө керек. Мен анын аки-чүкүсүн толук айта албайм. Анын курамына өкмөттөн жана министрликтен тиешелүү жооптуу адамдар кирген.

Ал арыздарды карап туруп анан министрликке сунуштарын киргизип, анын негизинде министр буйрук чыгарган. Биз болсо министрликтин буйрук-көрсөтмөлөрүн аткаруучу окуу жайы катары мына ошолордун айрымдарын кабыл алып, туура келбегенинен баш тартып иштеп келгенбиз.

"Азаттык": Мында баллы жетпеген абитуриенттерди окууга кабыл алууда кандай критерийлер коюлган жана ал кайсы мыйзамдын негизинде жөнгө салынган?

Зурдинов: Жалпы тестирлөөнүн негизинде башкаларга караганда бизге абитуриенттер көп тапшырган. Анан мына ошол тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча министрлик койгон босого бар. Мындай босого профилдик биология жана химия предметтери боюнча да коюлган. Анан курамына укук коргоо органдары менен жарандык коомдун өкүлдөрү кирген биздин кабыл алуу комиссия бул ишти көзөмөлдөп турган. Мына ошондой иш принциптерин жетекчиликке алганбыз.

"Азаттык": Буга чейин бюджеттик эле эмес, контракттык окуу бөлүмдөрүнө окууга кабыл алууга баллдын өтүү босогосу аныкталган. Бирок алган баллы мына ошол контракттык босогого жетпеген абитуриенттер алгач ага кабыл алынып, анан андан ары бюджетке которулган фактылар болгон экен. Бул эмненин негизинде ушундай болгон?

Зурдинов: Сенин берген сурооңо караганда жалпы эле төмөн балл алгандардын бардыгы биздин окуу жайга толуп алгандай сүрөттөп жатасың. Андай эмес. Мына ошол абитуриенттер боюнча министрликтин гранттык комиссиясы берилген арыздардын жана тиешелүү документтердин негизинде чечим чыгарган.

"Азаттык": Мына ошол абитуриенттердин социалдык категориясын айтсаңыз. Анткени Кыргызстанда сиз айтып жаткан аз камсыз болгон үй-бүлөлөр аябай эле көп. Кандай конкреттүү социалдык абалдагы үй-бүлөнүн баласы тестирлөөдөн баллы жетпегенине карабастан Медициналык академияга окууга сынактан тышкары кабыл алынат?

Зурдинов: Андай критерийлер бизде жок. Ошон үчүн ага мен жооп бере албайм. Бул маселе учурунда гранттык комиссиянын жыйынында чечилсе керек. Бирок мына ошол гранттык комиссиянын курамындагылардын бардыгы эле коррупцияга аралашып кетти дегенге кошулбайм.

Зурдинов: министрдин буйругун аткаргам
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:40 0:00

"Азаттык": Эгерде сиз айткандай конкреттүү критерийлер жок болсо, анда бул жерде мына ошол мыйзамдык жылчыктан пайдаланган коррупциялык схемалар жокпу? Мисалы, сөздүн башында сиз айрым тизмелерден баш тарткан учурлар да болду деп айттыңыз. Кайсы учурда сизге таңуулоо болгондо баш тарттыңыз эле?

Зурдинов: 2013-жылы Жогорку Кеңештен кайрылуу болгон. Анда депутаттар жер көчкү болгон аймактагы жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдарын окууга кабыл алууну суранышкан. Биз алар берген документтерди иликтеп чыгып, мына ошол абитуриенттердин социалдык абалы жана жаратылыш кырсыгы болгон аймактан деген мүнөздөмөлөр тастыкталбаган соң биздин кабыл алуу комиссия тизмени четке каккан. Биз андан бир абитуриентти дагы окууга алган жокпуз.

Контракттан бюджетке которууга табылган жылчык

"Азаттык": 2011-жылы билим берүү министри Канатбек Садыковдун буйругу менен алгач 38 абитуриентти окууга кабыл алуу жагын карап көрүү боюнча сизге документ жөнөтүлгөн экен. Мына ошолордун арасынан контракттык окууга да баллы жетпегенине карабастан айрымдарын бюджетке которуу боюнча чечим да чыгыптыр. Бул кайсы мыйзамдын негизинде ишке ашкан?

Зурдинов: Бул эми министрдин буйругунда жазылган да. Ага гранттык комиссиянын чечими негиз болуп жатпайбы. Мына ошол жерге жүйөлүү себептерди көргөзгөн жүйөлүү документтер берилсе керек. Мына ошон үчүн мен гранттык комиссиянын чечимдери боюнча туура же туура эмес деп бир жактуу баа бере албайм. Мен министрликтин чечимдери боюнча дискуссия кылганга укугум жок. Бул жерде ошол кездеги министр Садыков же башкабыз коррупцияга кирип кетти деп айыптаганга укуктук негиз жок. Анын бардыгы жамааттык негизде каралып чечилген.

"Азаттык": Мисалы, бул тизмеде Зурдинова Айым Мэлсовна деп турат. Ал жалпы тесттен 102 балл алып, предметтик баллдары белгиленген чекке жетпеген экен. Бул кыз сиздин тууганыңыз болобу же жокпу ал маанилүү эмес. Бирок ал кандайча башында мына ошол контрактка да өтпөгөн балл менен тизмеге кирип, анан бюджетке которулуп жатат. Муну кандайча түшүнсө болот?

Зурдинов: Мына силерге арызданып келген Айдаров менен Умаров Медакадемиянын жарымынан көбүн мага тууган кылып койгон. Ал жерде Зурдинова эмес, Зуридинова деп турган болчу. Аны тиешелүү органдар текшерип чыгып, эч нерсе таба алышкан эмес. Бул боюнча гранттык комиссиянын чечиминин негизинде билим берүү министри буйрук чыгарган.

Алдастаткан акыркы чечим

"Азаттык": Бирок абитуриентти окууга кабыл алуу же албоо боюнча акыркы чечимди сиз өзүңүз кабыл аласыз да... Башында айтпадыңызбы, жобого туура келбеген абитуриенттер кабыл алынган эмес деп. Ошондойбу?

Зурдинов: Министрдин буйругу биз аткара турган документ. Аны биз сөзсүз аткарышыбыз керек. Ал мыйзамдуубу же мыйзамсызбы, ага мен аралашкан жерим жок. Ал гранттык комиссиянын чечиминин негизинде чыгарылган буйрук. Бизде Европада айтылгандай академиялык эркиндик деген жок. Биз жалпы жана методикалык иштер боюнча Билим берүү министрлигине баш ийебиз. Башка бир маселелер боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине карайбыз.

"Азаттык": Билим берүү министрлигинин жогорку окуу жайлары боюнча башкармалыгынын мына ошол кездеги башчысы Абдуманап Жолдошов бул маселени иликтөө учурунда “биз келген документтерди толук текшерип чыгууга убактыбыз жетишпейт, аны биз окуу жайларына жөнөтөбүз. Ошол жактан толук текшерип туруп, анан ошого жараша окууга кабыл алуу жел албоо боюнча акыркы чечимди ректорлор кабыл алат, ошондуктан жоопкерчилик ошолордо турат” деп билдирген. Анда буга кандай дейсиз?

Зурдинов: Бул эми мына ошол Абдуманап Жолдошовдун өзүнүн ою. Мен аны уккан жокмун. Эмне деген суроо болгонун. Бирок чынында эле алардын убактысы жетишпеши да мүмкүн. Анткен менен министрликтен кандайдыр бир буйрук чыгарылганда ал иликтенип, текшерилип, анан маселенин чын-бышыгына жараша чыгарылат да. Буйрук чыгарып коюп эле тизменин тактыгын жана мыйзамдуулугун өзүңөр карап алгыла деген шарт жок.

Мага гранттык комиссия кандай чечимдерди чыгарганы белгисиз. Анткени ал мына ошол министрликтин алдында. Аны ошол жактан карашат. Бизге болгону буйрук гана келет. Эгерде ар бир ректор өз алдынча чечим чыгара бере турган болсо, анда министрликти жоюп эле коюш керек го.

XS
SM
MD
LG