Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:10

Орусияда патенттин баасы 4 миң рублдан ашпайт


Орусияда ушул жылдан тарта эмгек мигранттары патенттик негизде иштей башташат. Анын баасы Москва облусунда жана шаарында 4 миң рубль, ал эми башка аймактарында бир аз төмөн болушу мүмкүн. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин 2-катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.

- Бүгүнкү күндө ай сайын алынуучу патенттин баасы 4 миңден жогору болот деген расмий маалымат жок. Патентти биринчи жолу алып атканда медициналык аныктама, медициналык камсыздандыруу баракчасы жана орус тилин, тарыхын, мыйзамдарын билгендиги тууралуу сертификатты чогуу алышат. Ошонун баарын кошкондо 10 миң рублдан ашыгыраак сумма келип чыгат.

Айрым мигранттар Орусияда каржылык каатчылык жүрүп, рублдин куну качканына байланыштуу тапкан кирешелери кескин кыскарганын, мындай шартта патенттин баасы кымбат коюлуп калганын билдиришкен.

“Бул Орусиянын ички саясий чечими, аны өзгөртүү, патент баасын арзандатуу боюнча азырынча бизде маалымат жок”, деп кошумчалады Кулукеева. (МТо)

XS
SM
MD
LG