Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:00

Караколдо жөө жүргүнчүнү коюп качып кеткен айдоочу кармалды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук жол кайгуул кызматынын башчысы Азамат Исраилов билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган айдоочу Каракол шаарынын 26 жаштагы тургуну. Ал “Мазда” үлгүсүндөгү автоунаасы менен 31-декабрда саат 23:45 чамасында Каракол шаарынын көчөлөрүнүн биринде жөө жүргүнчүнү коюп, качып кеткен. Оор жаракат алган адам ошол жерден жан берген.

Учурда кармалган жаран күнөөсүн мойнуна алып, кылмыш иши козголду. Ага карата 281-берененин негизинде айып коюлду. (МKo)

XS
SM
MD
LG