Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Кыргыз-кытай чек арасын бузгандар Кытайга өткөрүлүп берилет


Бул тууралуу “Азаттыкка” Каракол шаарынын 2028-аскер бөлүгүнүн башчысы Руслан Закиров билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ички иштер министрлиги менен биргеликте өткөргөн ыкчам иликтөө иштери жыйынтыкталды. Соттун чечими менен чек арадан мыйзамсыз өтүп жатканда кармалган Кытайдын үч жараны бүгүн Үзөңгү-Кууш чек ара бекетинен кытай тарапка өткөрүлүп берилет.

7-январда Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Эшме аймагынан кыргыз-кытай чек арасын мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган үч адам кармалган. Алардын жанында эч кандай документи болгон эмес. Бул адамдар Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автоном аймагына караштуу Ак-Чий ооданынын тургундары экени айтылган. Кармалган учурда алардын жанынан алты даана бычак, ошол аймактардын картасы, 369 кытай акчасы жана дары-дармек, азык-түлүк болгон. (МКo)

XS
SM
MD
LG