Акыркы 3 жылда Кыргызстанда Сириядан кайтып келген кыргыз жарандары террордук маанайдагы 7 топ түзүшкөн. Ошол топтордун 36 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдирди.
- Алар колунда бар адамдарды тоноп, акчасын тартып алып, ошол акчага курал-жарак сатып алып, Бишкек, Ош шаарларында теракттарды уюштурууну көздөп жатышкан. Мисалы, 2013-жылы Бишкекте Шанхай саммити өткөн. Анын алдында Сирияга барып келген эки жаран Бишкекте жардырууларды уюштуруу ниетинде даярдык көрүп жаткан жеринен кармалышкан.
Сулаймановдун айтымында, кармалган адамдардын бир канчасы соттолду.
“Бишкекте колунда бар адамды тоногону жаткан жеринен 8 адамдан турган топ кармалган. Ош облсотунун чечими менен топтун бардык мүчөлөрү 9 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажырашты”, деп кошумчалады ал.
Расмий маалыматтар боюнча, Сириядагы согушка 200 чамалуу кыргызстандык катышып жүрөт. (МТо)