Прагада жашаган мусулмандар тобу ишембиде Вацлав Гавел атындагы паркта чогулуп, Парижде 12 киши каза тапкан сатиралык журналдын редакциясындагы куралдуу кол салууну айыпташты.
Прагадагы мусулмандар Париждеги кол салууну айыпташты
Прагада жашаган мусулмандар тобу 10-январда Вацлав Гавел атындагы паркта чогулуп, Франциядагы теракттарды айыпташты.
1
Чогулгандар Париждеги журналдын редакциясына болгон куралдуу кол салуудан каза тапкан журналисттер менен полициячылардын жакындарына колдоо билдиришти.
2
Мухаммад пайгамбарды мыскылдаган карикатураларды жарыялаган Charlie Hebdo редакциясындагы чабуулдан 12 киши каза тапты.
3
Плакатта «Ислам – тынчтык жана сабырдуулук дини» деп жазылган.
4
Бул плакатта «Парижде Ахмед да каза тапты» деп жазылган. Париждеги редакцияга болгон чабуулдан курман болгондор арасында 42 жаштагы полициячы Ахмед Мерабе да бар.
5
Прагадагы акциянын катышуучулары «Терроризм динди тааныбайт» - деген плакатты да кармап турушту.
6
7
Тынч митингдин катышуучулары балдарын ала келишти.
8
Терроризм бардык дин өкүлдөрүнө коркунуч келтирет.
9
Демонстранттар Париждеги кол салуудан каза тапкан полициячы Ахмед Мерабенин сүрөтүн да кармап турушту.
10
«Ислам кооптуу эмес, кайдыгерлик кооптуу" деп жазылган бул плакатта
11
Прагадагы акциянын катышуучулары сатиралык журналдын кызматкерлерине болгон кол салууну бир ооздон айыпташты.