“Эркиндик үнү” сайтында жазылгандай, 1,7 айга эркинен ажыратылган 25 жаштагы Айжан Өмүралиева өткөн жылдын 22-декабрында төрөгөн. Аял менен кошо жаңы туулган ымыркайы да башка айыпталуучулар менен чогуу бир камерада кармалып турушат. Адвокат Күмүшбек Убукеевдин айтымында, ушундан улам ымыркайдын денесинде жара пайда болгон.
Кыргызстандын Кылмыш кодексине ылайык, кош бойлуу же 14 жашка толо элек баласы бар аялдар баласы чоңойгончо жаза өтөөдөн бошотулушат. Буга байланыштуу Айжан Өмүралиева да баласын эркиндикте чоңойтууга укуктуу экенин белгилеген адвокат Убукеев анын жаза өтөө мөөнөтүн жылдыруу өтүнүчү менен 10-январда Чүй облустук сотуна кайрылды.
Айжан Өмүралиева Сокулук райондук сот тарабынан жатак-абактан качып кеткени үчүн 1 жыл 7 айга эркинен ажыратылган. Сот чечимине нааразы болгон келин адвокаты аркылуу Чүй облустук сотуна кайрылган.(ZKo)