Сузак райондук соту Тайгожо Гиязовдун үстүнөн козголгон кылмыш ишин мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кыскартты. Бул тууралуу райондук соттун төрагасы Абибилла Тажибаев “Азаттыкка” билдирди. Судья өкүмдү өткөн жылдын 26-декабрында чыгарган. Анын ырасташынча, прокуратура тарабынан кийинки баскычтагы сотко доо арыз жолдонгон эмес.
Гиязовго Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда Кадыржан Батыровдун уулуна үлүш жерлерди мыйзамсыз берген деген айып менен 2014-жылдын жазында кылмыш иш козголуп, издөө жарыяланган. Гиязов кийинчерээк колго түшүп, өткөн жылы 26-октябрда камакка алынып, бир айдан соң үй камагына чыгарылган болчу. Тайгожа Гиязов Жалал-Абадда губернатордун орун басары болуп 2010-жылдын апрелинен сентябрь айына чейин иштеген. (RsK)