Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:35

Кыргызстанда талап күчөй турган кесиптер аныкталды


Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги алдыңкы үч жылда өлкөдө талап өсө турган кесиптердин тизмесин жарыялады. Ага ылайык, эмгек базарында ветеринарларга талап жогору болот, тагыраак айтканда 2015-жыл үчүн бул кесипке 5800 бош орун бар. Андан кийинки орундарда тигүүчү, автослесарь, агроном, соода боюнча менеджерлерге талап жогору.

Адистердин баамында, Кыргызстандын эмгек рыногунда иш берүүчүлөр менен иш издегендердин талаптары төп келбейт. Мындан улам жумушсуздардын саны 200 миңдин тегерегинде, башкача айтканда ишке жарамдуу жарандардын 8,1 пайызы ишсиз болуп саналат.(UEz)

XS
SM
MD
LG