Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:22

Жон Керри Пакистанга күтүүсүз визит менен келди


АКШ мамкатчысы Исламабадда премьер-министр Наваз Шариф менен саясий жана коопсуздук маселелерин, анын ичинде согушчандарга каршы коопсуздук күчтөрүнүн кызматташуусу тууралуу сүйлөшөрү 12-январда расмий түрдө кабарланды.

16-декабрда Пешавар шаарында аскерий башкаруудагы мектепке талиптер кол салганда 150дөн ашык адам өлгөн. Алардын көбү окуучулар.

Жон Керринин визити Пешавар жана башка шаарларлагы мектептердин ачылышына дал келди. Террордук чабуулдан кийин убактылуу каникул жарыяланып, өлкөдө мектептер жабылган болчу.

12-январда эртең менен Пакистандын түндүк батышындагы Белужистан провинциясындагы чек ара постуна согушчандардын чоң тобу кол салып, жети аскер катардан чыкты. Мехтар регионунун Лорлай районундагы аскерий бекетке ким кол салганы маалымдалбады.

XS
SM
MD
LG