Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Елена Образцова түбөлүк сапарга кетти


Меццо-сопрано үндүү Елена Обрацова Большой театрда кабарчылар менен кездешүүдө. Москва, 28-октябрь, 2014
Меццо-сопрано үндүү Елена Обрацова Большой театрда кабарчылар менен кездешүүдө. Москва, 28-октябрь, 2014

12-январда СССР Эл артиси Елена Образцова 75 жашында Германияда көз жумду. Дарыгерлер былтыр ноябрда ырчыга кыш айларын Германияда өткөрүүгө кеңеш беришкен.

Елена Образцова 1939-жылы 7-июлда Ленинградда туулуп, блокаданы баштан кечирген. 25 жашында Москвадагы Большой театрга чакырылган. Ал дүйнөнүн атактуу театрларында жана концерттик залдарында, анын ичинде Миландагы “Ла Скала”, Нью-Йорктогу “Метрополитен Опера”, Лондондогу “Ковент Гарден”, Венадагы мамлекеттик опера театрында ырдаган. 1975-жылы Обрацова “Кармен” операсында Кармендин партиясынын эң мыкты аткаруучусу деп таанылган. 1978-жылы “Ла Скала” театрында Жузеппе Вердинин операларындагы партияларды теңдеши жок мыкты аткарганы үчүн “Алтын Верди” сыйлыгы ыйгарылган. Ырчы Европада жана Орусияда мастер-класстарды өтчү, бир катар европалык жана эл аралык конкурстардын жюрисинин төрайымы болгон.

XS
SM
MD
LG