Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:31

Пентагонго таандык аккаунттар исламчылар тарабынан сындырылган


Пентагондун Youtube жана Twitterдеги аккаунттары хакерлердин чабуулунан кийин ишин токтотту. АКШ борбордук командачылыгынын бул сайттагы аттарын бузуп киргендер өздөрүн “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу менен байланышта экенин билдиришкен.

Пентагондун маалымат катчысы “кибер чабуул бир катар кыйынчылыктарды жаратканы менен, эч кандай коркунуч апкеле албайт” деп билдирди.

Өздөрүн “кибер халифат” деп атаган топ Пентагондун Твиттердеги баракчасына “Ырайымдуу Аллах үчүн кибер халифат кибер жихадды улантат” деп жазган. Топ ошондой эле америкалык генералдардын электрондук почталарын, Кытай жана Түндүк Корея боюнча аскерий планын жарыялаган. “Кибер халифат” жыл башында АКШ маалымат каражаттарына чабуул жасагандан бери, ФБРдин көзөмөлүндө турган болчу. Хакердик топ ФБРдин маалымат базасын да сындырганын бекемдеп, жакында жалпы АКШдагы үйлөр менен мекемелер “киберчабуулга алынарын” жазган.

XS
SM
MD
LG