Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Жайыл районунун акими Турусбек Ногоевге кызмат абалынан аша чапкан деген берене боюнча кылмыш иши козголгон. Ногоев 2014-жылдын 24-сентябрында Кара-Дөбө айылындагы запастагы 52 гектар жердин макамын мыйзамсыз өзгөртүп, үй куруу үчүн чечим чыгарган.
Учурда бул факт боюнча Чүй прокуратурасы тергөө иштерин жүргүзүүдө. (UEz)