Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:13

14-январда жаан-чачын күтүлбөйт


13-январда жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137-км, 198-265-км), Бишкек-Талас (198-210-км, Өтмөк ашуусу), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90-км, 145-150-км), Ала-Бука-Каныш-Кыя (62-100-км), Каракол-Эңилчек (45-90-км), Казарман-Акталчат (67-94-км, Кара-Гөө ашуусу) унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

14-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарында айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4...-9, күндүз 2...7

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -8...-13, күндүз 2...7

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 3...+2, күндүз 3...8

Баткен облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 3...8

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз 1...6

Нарын облусунда түнкүсүн -16...-21, күндүз -5....-10

14-январда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 4…6° суук, күндүзгү жогорку температурасы 5…7° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG