Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Египет соту экс-президент Мубарактын ишин кайра карайт


Египет соту экс-президент Хосни Мубаракка карата коррупциялык иш боюнча чыгарылган өкүмдү кайра кароо чечимин чыгарды. Өткөн жылдын май айында өлкөнүн төмөнкү бачкычтагы соту Мубаракты мамлекеттик казындагы 14 миллион долларды өз кызыкчылыгына пайдаланган деп, үч жылга кескен. Ушундай эле айып менен сот Мубарактын уулдары - Аля менен Гамалды төрт жылдын кескен.

Хосни Мубарак жаза мөөнөтүн Каирдеги аскердик госпиталда өтөп жаткан.

Reuters маалымат агенттиги соттогу өз булактарына таянып, сот ишти кайра караганга чейин Мубарак эркиндикке чыгарылышы мүмкүн экенин жазып чыкты. Буга чейин Мубарактан 2011-жылы январдагы демонстранттардын өлүмү боюнча айыптар алынып салынган эле.

Хосни Мубарак 2011-жылы жалпы элдик толкундоолордон соң кызматынан кеткен.

XS
SM
MD
LG