Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Роухани мунайдын баасынын түшүшүнө башка өлкөлөрдү айыптады


Иран президенти Хасан Роухани мунай өндүргөн өлкөлөрдү дүйнөдөгү мунайдын баасынын түшүп кетишине күннөөлөдү. Роухани Бушер шаарында сүйлөп жатып, “алар мындай кадамы үчүн өкүнөрүн" эскертти.

Дүйнө базарында июндан бери мунайдын баасы 60 пайызга чейин арзандап кетти. Бул Европа жана Азиядагы мунайга талаптын төмөндөшү менен түшүндүрүлдү.

Айрыкча бул мунай экспорттоочу өлкөлөр уюму - ОПЕКтин мүчөлөрү мунай өндүрүүнүн көлөмүн азайтпоону чечкен соң байкалды.

Роухани “эгер Иран мунайдын арзандашынан жабыр тартып жатса, Сауд Арабия, Кувейт сыяктуу өлкөлөр бизден да көбүрөөк жабыр тартат” деди.

Reuters маалымат агенттигинин маалыматы боюнча, 2013-жылы Сауд Арабиянын бюджетиндеги кирешенин 90 пайызы, ал эми Кувейттин 92 пайызы мунайга туура келген.

XS
SM
MD
LG