Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:41

Зомбулукка кабылган эки жашар бала боюнча кылмыш иши козголду


Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кылмыш иши атайылап ден соолукка залал келтирүү, зордуктоо беренелери боюнча козголгон.

11-январда борбордогу №3 балдар ооруканасына көгала болуп сабалган жана зордукталган бала оор абалда келип түшкөн. Учурда ал аталган оорукананын жандандыруу бөлүмүндө комада жатат. Аламүдүн райондук милициясы бул факт боюнча иликтөө иштерин улантып, баланын жакындарын издөөдө. Алдын ала маалыматтар боюнча баланы ооруканага өзүн "атасымын" деп тааныштырган адам жеткирип, тепкичтен кулап кеткенин айткан жана ошону менен кайрылып келген эмес. (UEz)

XS
SM
MD
LG