Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:06

Зордукталган наристенин ишин спикер өзү көзөмөлдөйт


Ички иштер министрлиги 10-январь күнү катуу сабалып, сексуалдык зомбулуктун издери бар делген, азыркы тапта комада жаткан эки жаштагы наристенин жакындарын суракка алуу иштери башталганын кабарлады.

Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (саламаттыкка атайын оор залака келтирүү) жана 130-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зордуктоо иштери) боюнча кылмыш иши козголду. Азырынча кылмышка шектүү киши аныктала элек. Кылмышты Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү иликтөөгө алды. Бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда парламенттин спикери Асылбек Жээнбеков бул ишти өзү жеке көзөмөлгө аларын билдирди. (BCh)

XS
SM
MD
LG