Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:23

Ошто пара талап кылган подполковник колго түшүрүлдү


Бул тууралуу УКМК алдындагы коррупцияга каршы кызматтын Ош башкармалыгынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Ош ИИБинин өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү, подполковник 10 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Ал Ош жаранынан кылмышын жаап коюу үчүн 1,5 миң доллар пара талап кылган.

Подполковник учурда УКМКнын Оштогу бөлүмчөсүнө камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат. Ага пара талап кылуу беренеси боюнча кылмыш иши козголду. (UEz)

XS
SM
MD
LG