Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39

Столтенберг: Орусия жикчилдерге жардамын токтотууга тийиш


НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг (солдо) Германиянын канцлери менен. Берлин, 14-январь 2015-жыл
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг (солдо) Германиянын канцлери менен. Берлин, 14-январь 2015-жыл

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусияны Украинанын чыгышындагы жикчилдерге жардам берүүнү токтотууга жана 5-сентябрда жетишилген ок атышууну токтотуу келишимин урматтоо үчүн бар таасирин колдонууга чакырды.

Берлинде Германиянын канцлери Ангела Меркел менен биргелешкен пресс-конференцияда баш катчы альянс Москва менен кызматташууга дилгир, бирок алакаларды жакшыртуу үчүн Орусия тараптан да ошондой каалоо болушу керек деп билдирди.

Столтенберг ошондой эле Украинанын блокторго кошулбоо макамынан баш тартканы НАТОго кирүү арызын берүү процессинин башаты болушу ыктымал деп кошумчалады.

Украина Түндүк альянска кошулууну көздөсө, биринчи кезекте демократиялык, ачык коом куруу, жамааттык коопсуздукка салым кошууга кудуреттүүлүгү өңдүү негизги критерийлерди аткарууга тийиш, - деди НАТОнун баш катчысы.

XS
SM
MD
LG