Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:51

Түркияда журналисттин өлүмүнө байланыштуу 2 полициячыга айып коюлду


Түркияда 2007-жылы теги армян журналист Грант Динктин киши колдуу болушун алдын ала алган жок деген айып менен эки полициячы камакка алынды. Кечээ кармалган Өзкан Мумжу жана Мухиттин Зенитке адам өлүмүнө алып келген шалаакылык, кызматынан кыянат пайдалануу беренелери боюнча күнөө тагылууда.

Түрктөр менен армяндардын жарашуусун активдүү жактаган Динкти Стамбулда эки тилдүү "Агос" гезитинин редакциясынын жанында улутчул өспүрүм атып кеткен. Кылмышкер 2011-жылы 23 жылга эркинен ажыратылган.

Коопсуздук кызматтары ал кутум тууралуу алдын ала билишкени ачыкка чыккандан кийин чоң жаңжал тутанган.

XS
SM
MD
LG