Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Президент коомдогу диний сабырдуулуктун маанисин белгиледи


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Орозбек Молдалиевди кабыл алып, өлкөдөгү диний саясатты талкуулады. Мамлекет башчысы жолугушууда толеранттуулук жана диний сабырдуулук идеяларын бекемдөөнүн, ошондой эле дүйнөдө болуп жаткан окуялардын алкагында Кыргызстанда конфессиялар аралык мамилелерди өнүктүрүүнүн өзгөчө маанисин белгиледи. Өз кезегинде Молдалиев диний концепцияны ишке ашыруу жол-жоболору тууралуу маалымат берди.

3-ноябрь күнү Кыргызстандын Коргоо кеңеши 2014-2020-жылдар үчүн Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепсиясын кабыл алган. Анда дин менен мамлекеттин алакасы так көрсөтүлгөн, диний сабаттуулукту жогорулатуу, диний экстремизмдин жана диний фанатизмди алдын алуу иш-чаралары каралган.(UEz)

XS
SM
MD
LG