Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Чек араны бузган Түштүк Кореянын беш жараны кармалды


Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты. Мекеменин маалымат кызматкери Сажира Чоколоеванын “Азаттыкка” билдиришинче, буга чейин Кыргызстанда жүргөн Түштүк Кореянын беш жараны чек аралаш аймакка кирип барганы үчүн кармалган.

Корей жарандары Талас облусундагы Арал аймагынан чек арачылар тарабынан колго түшүрүлгөн. Алар чек ара режимин бузганы үчүн ар бири миң сомдон айыппул төлөп бошонгон.

7-январда кыргыз-кытай чек арасын бузуп кирген үч Кытай жараны колго түшүрүлүп, кийин Кытайга өткөрүлүп берилген болчу. (UEz)

XS
SM
MD
LG