Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:57

Бишкекте өткөн жылы балдарга карата 31 зордук-зомбулук катталган


Бул тууралуу “Балдарды коргоо” лигасынын башчысы Назгүл Турдубекова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, өспүрүмдөргө карата колдонулган 31 зордук-зомбулуктун 24ү сексуалдык мүнөздө. Аталган уюм Бишкекте катталган 31 факты боюнча иштеп, жабыркаган балдарга укуктук жардам көрсөткөн.

ИИМдин маалыматы боюнча 2014-жылы өлкө боюнча балдарга карата колдонулган зордук-зомбулуктардын саны 900гө жеткен.

Кечээ президент Алмазбек Атамбаев балдарды коргоо боюнча комплекстүү чараларды иштеп чыгуу боюнча өкмөткө тапшырма берген. Өлкө башчысынын мындай билдирүүсүнө аёосуз токмоктолуп, ооруканага түшкөн эки жашар наристе түрткү болгон. (AzK/UEz)

XS
SM
MD
LG