Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:03

Мелис Мырзакматов интернет аркылуу кайрылуу жасады


Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов
Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов

Эл аралык издөөдө жүргөн Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов интернет аркылуу кайрылуу жолдоду. Анда Мырзакматов ага каршы козголгон кылмыш иши саясый гана куугунтукту көздөрүн, Оштогу эстакадалык көпүрөнүн курулушу боюнча бир да мыйзамсыз иш жок экенин айтат. Андан ары экс-мэр азыркы бийликке каршы сүйлөгөндүн баарына кылмыш иши ачылганын, чыныгы коррупционерлер башкаруучу КСДП партиясынын мүчөлөрү экенин билдирет.

"Эгерде баш коргоо чарам өзгөртүлүп, адилет тергөө болсо мен Кыргызстанга келип, адилет сот аркылуу өз чындыгымды жана актыгымды далилдөөгө даярмын. Мен акыйкаттык үчүн, элимдин эртеӊки жаркын келечеги үчүн бийликтеги авторитардык жана коррупциялашкан чиновниктер менен күрөштү токтотпой уланта берем" - деп айтылат кайрылууда.

Башкы прокуратура 27-ноябрда Мелис Мырзакматовго Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык иш козгоп, анын негизинде Ош шаардык соту камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыяланган. Экс-мэрге Оштогу Навои көчөсүндөгү көпүрөнү курууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, бир катар мыйзамдарды бузган деген айып тагылган. ИИМ Мырзакматовду кармоо боюнча "Интерполго" да кайрылып, ага эл аралык издөө жарыяланган. (UEz)

XS
SM
MD
LG