Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:00

16-январга карата аба ырайы


16-январда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда тумат түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с.

2015-жылдын 15-16-январында жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137-км, 198-265-км), Бишкек-Талас (198-210-км, Өтмөк ашуусу), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90-км, 145-150-км), Ала-Бука-Каныш-Кыя (62-100-км), Каракол-Эңилчек (45-90-км), Казарман-Акталчат (67-94-км, Кара-Гөө ашуусу) унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7...-12, күндүз 0...5

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -10...-15, күндүз 0...5

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -2...-7, күндүз 3...8

Баткен облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз 1...6

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7...-12, күндүз -4...1

Нарын облусунда түнкүсүн -17...-22, күндүз -7....-12

16-январда Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 8…10° суук, күндүзгү жогорку температурасы 2…4° жылуу болот. Абанын температурасы түнкүсүн -8...-10 градус, күндүз 2...4 градус болот.

XS
SM
MD
LG