Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:30

Оторбаев: Мамлекеттик органдардагы мыйзамсыздыкты чогуу жоелу


Премьер-министр Жоомарт Оторбаев журналисттерге мамлекеттик органдардагы мыйзамсыз аракеттерге каршы чогуу күрөшүүнү сунуштады. Бул сунушун өкмөт башчы 15-январда Кыргызстандагы бир катар маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушкан учурда айтты. Ал демократиялык коомдогу сөз эркиндигин мамлекеттик органдар тарабынан жасалып жаткан мыйзамсыз аракеттерге каршы колдонуу зарыл деп белгиледи. Оторбаев бул сөзүн мындай мыйзамсыз иштер сөзсүз түрдө видео жана сүрөт түрүндө ММКларда чагылдырылышы керек деп бекемдеди. Ошондой эле премьер-министр ММКларда жарыяланган бардык сын макалаларга тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан сөзсүз жооп болуп, чаралар көрүлөт деп ишендирди.

Бир күн мурун өкмөт башчы ички иштер министри менен Жол кайгуул кызматын реформалоо тууралуу сүйлөшкөн учурунда аталган тармак коррупцияланышып баратканын, Жол кайгуул кызматкерлерине элдин нааразылыгы күч алганын белгилеген. Оторбаев карапайым жарандардан жана журналисттерден Жол кайгуул кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин тасмага жана сүрөткө тартып, эфирге коюусун суранып кайрылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG