Полициянын маалыматы боюнча алар жакында эле Сириядан кайтып келип, Белгияда террордук акт жүргүзүүнү пландап жатканы аныкталган. Булардын үчүнчү шериги камакка алынды.
Прокуратура өкүлү Эрин Ван дер Сипт маалымдагандай, Брюсселдеги жана Вевьер шаарындагы жакында Сириядан кайтып келгендер жашаган он үйдү тинтүү тууралуу буйрук берилген. Полиция келген учурда үйдүн ичинен ок чыгарылган. Атышуу учурунда эки согушкер өлтүрүлүп, үчүнчүсү кармалган.