Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:45

Наристени кордоду деп шектелген жаран эки айга камалды


Чүйдүн Аламүдүн райондук соту эки жаштагы наристени сабады деп шектелген 47 жаштагы жаранды эки айга тергөө абагына камоо чечимин кабыл алды.

Учурда өлүм алдында жаткан ымыркайдын өмүрүн сактап калуу жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу боюнча президент Алмазбек Атамбаев өкмөткө тапшырма берип, бул окуяны өз көзөмөлүнө алган.

11-январда борбордогу №3 балдар ооруканасына көгала болуп сабалган жана зордукталган бала оор абалда түшкөн. Учурда ал аталган оорукананын жандандыруу бөлүмүндө комада жатат. Милиция атайылап ден соолукка залал келтирүү, зордуктоо беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Кечээ ымыркайды сабоого шектелген жарандын жубайы да камакка алынган. (UEz)

XS
SM
MD
LG