Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:40

Жол кырсыгынан НТС каналынын эки оператору жабыр тартты


15-январда жол кырсыгынан НТС телеканалынын эки оператору жабыр тартып, баш мээлери чайкалды.

Бул тууралуу аталган каналдын жаңылыктар кызматынын редактору Миржан Балыбаев билдирди. Анын айтымында, каналдын оператору Эрлан Темирбековду шаардын тайгак жолдорун камерага тартып жаткан учурда машина уруп кеткен. Мындан кийин анын ордуна репортаж тартууга барган Манас Бакешевди дагы бир башка унаа сүзгөн.

Учурда эки оператордун тең баш мээси чайкалып, ооруканада дарыланып жатат. Аталган жол кырсыгынан телеканалдын бери жагы 5,5 миң доллар турган камерасы жараксыз абалга келген. Жол-кайгуул кызматы кырсыкка күнөөлүүлөрдү издеп жатат. (UEz)

XS
SM
MD
LG