Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:13

АКШ мамкатчысы Керри Парижге келди


АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри террордук чабуулдан соң франциялыктарга тилектештик билдирүү үчүн Парижге келди. Ал француз президенти Франсуа Олланд менен жолугууда Кошмо Штаттар бул өлкөнүн азасын тең бөлүшөрүн билдирди. Олланд өз кезегинде эки өлкө экстремизмге каршы бирге күрөшүүсү керектигин белгиледи.

Ага чейин Керри Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус менен жолукканда мурда пландалган сапарынан улам 11-январдагы терроризмге каршы массалык жүрүшкө катыша албай калганын билдирген.

Андан соң Кошмо Штаттардын мамкатчысы “Шарли Эбдо” сатиралык журналы жана жөөттөрдүн кошер дүкөнүндөгү кол салуудан каза болгондор үчүн гүлчамбар койду. Буга чейин АКШ бийликтери миллиондогон адамдар катышкан жүрүшкө жогорку бийлик өкүлдөрүн жибербегени үчүн сынга кабылган эле.

Ал ортодо Париждеги кол салууну уюштурган деген шек менен француз полициясы 12 адамды кармады. Алар теракттын уюштуруучуларын курал-жарак жана унаа менен камсыз кылган деп шектелүүдө.

Өткөн аптадагы Париждеги кол салуудан 17 адам каза болгон.

XS
SM
MD
LG