17-январда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын, ылдамдыгы 1-6 м/с.
Эскертүү
17-январдан 19-январга чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137-км, 198-265-км), Бишкек-Талас (198-210-км, Өтмөк ашуусу), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90-км, 145-150-км), Ала-Бука-Каныш-Кыя (62-100-км), Каракол-Эңилчек (45-90-км), Казарман-Акталчат (67-94-км, Кара-Гөө ашуусу) унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...-8, күндүз 4...9
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -6...-11, күндүз 3...8
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 0...-5, күндүз 5...10
Баткен облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 5...10
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...5
Нарын облусунда түнкүсүн -16...-21, күндүз -5....-10
17-январда Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын, ылдамдыгы 1-6 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 4…6° суук, күндүзгү жогорку температурасы 6…8° жылуу болот. Абанын температурасы түнкүсүн -4...-6 градус, күндүз 6...8 градус болот.